Без кейворда
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин2008-жылдын 22-апрелиндегиN 210 буйругу мененбекитилген
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу отчеттун формасын толтуруу боюнчаНУСКАМА
(КР Премьер-министринин 2020-жылдын 10-февралындагы № 58 буйругунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Бул "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу отчеттун формасын толтуруу боюнча нускама (мындан ары Нускама) аталган Мыйзамга ылайык иштелип чыккан.
2. Нускаманын максаты тапшырылчу төмөнкүлөрдү бир түргө келтирүү жана стандартташтыруу талаптарын камсыздоону көздөйт:
- жарандардын маалыматка жеткиликтүүлүккө укуктарын ишке ашыруу жана коргоону камсыздоо жөнүндө маалыматты;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштеринде максимум маалыматтык ачык-айкындыкка жана көрүнөөлүккө жетишүү жөнүндө маалыматты;
- Кыргыз Республикасынын жарандарына маалыматтардын туура, толук жана өз убагында берилиши жөнүндө маалыматтарды.
3. Бул Нускамада мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарды суроонун, суроо-талапты аткаруунун эрежелерине, шарттарына жана тартибине, ошондой эле аны берүүдөн баш тартуунун негиздерине ылайык маалыматты берүүнүн талаптарын аныктайт.
- мамлекеттик сырга тиешелүү, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык сырларын, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 5-статьясына ылайык башка адамдардын мыйзам менен корголчу сырларын камтыган жашырын маалыматтарга карата колдонулбайт;
- Мыйзамдын 2-статьясына ылайык башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарды мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүнүн тартибин жөнгө салбайт;
- "Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныкталуучу жарандардын кайрылууларын кароонун жана чечүүнүн тартибине карата колдонулбайт.
5. Бул Нускамада төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
"мамлекеттик орган" - Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын конституциялык жана башка мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына ылайык туруктуу негизде түзүлгөн, мамлекеттик мыйзам чыгаруучу, аткаруучу же соттук бийликтин функцияларын аткарууга, ошондой эле аткарууга милдеттүү чечимдерди кабыл алууга жана алардын ишке ашырылышын камсыздоого ыйгарым укук берилген, республикалык бюджеттен каржылануучу уюмдар, ошондой эле борбордук мамлекеттик органдын функцияларын жана функцияларынын бөлүгүн аткаруучу аймактык подразделение же структуралык бирдик;
"жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы" - жергиликтүү маанидеги иштерди чечүү үчүн жергиликтүү жамаат түзүүчү өкүлдүк, аткаруучу-тескөөчү жана башка органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функцияларын жана функцияларынын бөлүгүн аткаруучу аймактык подразделение же структуралык бирдик.
"Мамлекеттик орган" жана "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы" деген терминдер өзүнүн аймактык подразделениесин же структуралык бөлүгүн, толугу менен республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржылануучу жана мамлекеттик бийликти же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функцияларын аткарууга байланышпаган саламаттык сактоо, билим берүү, маалыматтык, статистикалык, консультациялык, кредиттерди берүү боюнча мекемелерди кошо камтыйт;
"маалымат жөнүндө суроо-талап" - оозеки, телефон аркылуу, кат аркылуу, өзү алып баруучу, почта аркылуу, курьер менен же байланыштын электрондук каналдары боюнча берилүүчү кайрылуу;
"кызмат адамы" - туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укук боюнча бийликтин өкүлүнүн функцияларын аткаруучу же мамлекеттик органда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында уюштуруу-тескөөчү, администрациялык-чарбалык функцияларды аткаруучу адам;
"суроочу жак" - Кыргыз Республикасынын жараны, менчигинин формасына жана уюштуруу-укуктук формаларына карабастан юридикалык жак, анын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү.
Эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана аныкталган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, чет мамлекеттердин юридикалык жактары, алардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү маалыматты алуу укугун Мыйзамдын жоболоруна жана ушул Нускамага ылайык пайдаланышат.
6. Бул Нускама боюнча укуктук мамилелердин субъекттери болуп, суралуучу маалымат карамагында турган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, ошондой эле керектүү маалыматты сураган жарандар жана юридикалык жактар (менчигинин формасына жана уюштуруу-укуктук формаларына карабастан), алардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү эсептелишет.
7. Маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптарды кароодо документтерди жүгүртүүнүн уюштурулушу ушул Нускаманын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманын талаптарын сактоо менен иш кагаздарын жүргүзүү боюнча ведомство ичиндеги актылар менен аныкталат.
(КР Премьер-министринин 2020-жылдын 10-февралындагы № 58 буйругунун редакциясына ылайык)
8. Автоматташтырылган маалыматтык системаларда электрон почтанын дареги боюнча жиберилген маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптарды аткаруунун тартиби, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштери тууралуу маалымат берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Интернет порталына (Интернетке) жайгаштырылган суроо-талаптарды аткаруунун шарттары, тартиби жана ыкмалары да Кыргыз Республикасынын "Электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 15-январындагы N 10 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Интернет Порталында (Интернетте) маалыматты жайылтуу тартиби жөнүндөгү убактылуу Жобону бекитүү тууралу" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Интернет Порталында (Интернетте) маалыматты жайылтуу тартиби жөнүндөгү убактылуу жобо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы N 594 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын веб-сайттарын түзүү жана колдоо боюнча бирдиктүү талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому менен аныкталат.
(КР Премьер-министринин 2020-жылдын 10-февралындагы № 58 буйругунун редакциясына ылайык)
II. Маалымат жөнүндө суроо-талаптарды аткаруу боюнча уюштуруу чаралары
9. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматты берүү ал органдардын жетекчилеринин же алардын жазуу жүзүндөгү тапшырмасы боюнча - башка кызмат адамдарынын өз компетенцияларынын чегиндеги кызматтык милдети болот. Мыйзамдын, ошондой эле ушул Нускаманын жоболорунун сакталышы жана аткарылышы, маалымат берүү жөнүндө кайрылууларды кароо боюнча ишти туура уюштуруу үчүн жеке жоопкерчиликти мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери тартышат.
10. Сураган жактарды маалымат менен камсыздоо функцияларын тийиштүү түрдө аткаруу максатында мамлекеттик органдын борбордук аппаратынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын структурасында калкка маалымат берүү боюнча милдетти түздөн-түз аткаруучу структуралык подразделение (кызмат) аныкталып, аталган ыйгарым укуктардын ишке ашырылышы, ошондой эле маалымат жөнүндө суроо-талаптардын туура жана өз убагында катталышын жана аткарылышын, берилчү маалыматтардын тууралыгын жана толуктугун, аны берүүнүн белгиленген мөөнөттөрү жана шарттары сакталышын контролдоо үчүн жооптуу адамдар дайындалышат.
11. Сураган жактарды маалымат менен камсыздоо боюнча ыйгарым укуктарды ишке ашыруучу адистешкен кызматтардын, подразделениелердин, кызмат адамдарынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги ал кызматтар жана подразделениелер жөнүндө аныкталган тартипте бекитилчү жоболор жана кызматтык нускамалар менен белгиленет.
Аталган жоболор кызмат адамдарынын аталышынан, укуктарынан, милдеттеринен жана жоопкерчилигинен тышкары берилчү маалыматтын категориясы, аны берүүгө байланыштуу көрсөтүлчү мамлекеттик жана кошумча кызматтар (анын ичинде автоматташтырылган маалыматтык системаларга жетүүнүн тартиби), ал кызматтарга акы төлөөнүн шарттары жана жеткиликтүүлүктү камсыздоонун башка шарттары жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш.
12. Маалымат алуу жөнүндө суроо-талапты аткаруу боюнча ыйгарым укуктарды ишке ашыруу тапшырылган структуралык подразделениелер, кызмат адамдары Мыйзамдын жоболорун ишке ашыруунун тартиби жөнүндө, анын ичинде маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптардын предметин, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш режимдерин, расмий маалыматтын фонддору менен таанышуунун тартибин тактоо үчүн телефон боюнча акысыз кыскача маалымат алуу мүмкүндүгүн камсыздашат.
13. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалымат берүү боюнча суроо-талаптарды аткаруу функцияларын ишке ашыруу үчүн жооптуу структуралык подразделениелеринин, кызмат адамдарынын реквизиттери (аталышы, почталык дареги, телефонунун жана факсынын номери, электрондук почтасынын дареги, тармактык ресурсу), алардын иш режимдери жалпыга маалым болууга тийиш.
14. Маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыздоо, берилчү маалыматтын категориясын калкка жеткирүү максатында мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары расмий документтердин реестрин жүргүзүшөт, анда чыгарылчу ар бир документтин аталышы, кабыл алынган күнү, номери жана анын жарыяланганы жөнүндө маалыматтар, ошондой эле реестрди жүргүзүүчү орган белгилөөчү башка маалыматтар болот.
III. Маалымат жөнүндө суроо-талаптарды кабыл алуунун жана каттоонун тартиби
15. Форманын жоболору мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы оозеки кайрылуу, телефон аркылуу кайрылуу, өзү алып келген, почта аркылуу келген, курьер алып келген же электрондук байланыш каналдары аркылуу жиберилген, формасы жана мазмуну боюнча Мыйзамда белгиленген талаптарга жооп берүүчү суроо-талаптарга карата колдонулат.
16. Маалымат жөнүндө суроо-талаптарды кабыл алууну жана каттоону мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын иш кагаздарды жүргүзүүчү тийиштүү подразделениелери ишке ашырышат, алар аркылуу суроо-талаптар түздөн түз структуралык подразделениелерге жана жооптуу аткаруучуларга жиберилет. Маалымат жөнүндө жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарды эсепке алуу жана каттоо журналдарын жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманын талаптарына ылайык белгиленет.
(КР Премьер-министринин 2020-жылдын 10-февралындагы № 58 буйругунун редакциясына ылайык)
17. (КР Премьер-министринин 2020-жылдын 10-февралындагы № 58 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
18. Жазуу жүзүндөгү суроо-талапта төмөнкүлөр милдеттүү түрдө көрсөтүлөт:
- суроо-талапты алган мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы жана (же) кызмат адамынын фамилиясы;
- жарандар үчүн - фамилиясы, аты-жөнү, туулган жылы, жашаган жери (почталык дареги);
- юридикалык жактар, алардын филиалдары, өкүлчүлүктөрү үчүн - юридикалык жактын, филиалдын, өкүлчүлүктүн толук аталышы, жайгашкан жери (почталык дареги), юридикалык жак катары катталганы жөнүндө маалыматтар, жазуу жүзүндөгү суроо-талапка кол койгон адамдын фамилиясы жана кызмат орду;
- кандай маалымат берилиши керектиги жөнүндө так түшүнүүгө мүмкүндүк берүүчү суроо-талаптын предмети.
19. Маалымат берүү жөнүндө ушул көрсөтүлгөн талаптарды сактоо менен жиберилген жазуу жүзүндөгү суроо-талаптар маалымат жөнүндө жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарды эсепке алуу жана каттоо журналына катталат (Нускаманын N 2 тиркемеси). Электрондук почта же факс боюнча алынчу суроо-талаптарды каттоо жазуу жүзүндөгү суроо-талаптар үчүн белгиленген тартипте, электрондук цифралык колтамга жөнүндө нормативдик укуктук актылардын талаптарын аткаруу менен катталат.
Маалымат жөнүндө жазуу жүзүндөгү суроо-талаптар маалыматты берүү жөнүндө суроо-талаптардын типтүү бланкына толтурулууга тийиш. Типтүү бланктардын формасы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сайттарына жайгаштырылышы керек (жеке адамдар үчүн Формага "3" тиркеме жана юридикалык жактар үчүн Формага "И" тиркеме).
20. Сураган жак суроо-талабынын себебин түшүндүрүүгө милдеттүү эмес. Маалымат сураган жак суроо-талапка байланыш телефонунун номерин, ошондой эле анын ою боюнча суроо-талапты аткарууга көмөктөшүүчү башка маалыматтарды киргизүүгө укуктуу. Суроо-талаптын предметиң баяндоодо керектүү документтердин же материалдардын бардык реквизиттерин так көрсөтүү талап кылынбайт.
Маалымат берүү жөнүндө суроо-талапты жаран почта аркылуу, курьер менен, байланыштын электрон каналдары боюнча жиберсе же мамлекеттик органга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өзү алып барса болот.
21. Маалымат берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү суроо-талап жиберген жак суроо-талапты жеткирүү боюнча почта кызматынын акысын көрсөтүлгөн өлчөмү боюнча төлөйт.
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кабылдамаларына же келген адамдарга көрүнөө башка жерлерине жазуу жүзүндөгү кайрылуулар үчүн ящиктер орнотулушу мүмкүн, алардагы кайрылууларды секретариаттардын (кабылдамалардын) же иш кагаздарын жүргүзүү кызматтарынын кайрылуулар менен иштөө боюнча жооптуу кызматкерлери алышат.
22. Маалымат жөнүндө суроо-талаптар жетекчиликке же тике аткаруучуларга келген күнү берилүүгө тийиш.
Суроо-талап катталгандан жана мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин же ал ыйгарым укук берген, маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптарды кароо боюнча иштин уюштурулушу үчүн жооптуу адамдын резолюциясы коюлгандан кийин суроо-талап алынган күнү жооптун даярдалышы үчүн жооптуу адамга жиберилет (аткарууда жетекчиликтин чечими талап кылынган суроо-талаптар үчүн).
IV. Маалымат жөнүндө суроо-талаптарды аткаруу мөөнөтү
23. Маалымат жөнүндө жазуу жүзүндөгү суроо-талап (жоопту даярдоо) эки апталык мөөнөттө аткарылууга тийиш.
Жетекчинин чечими боюнча суроо-талапты даярдоо үчүн кыскараак мөөнөт белгилениши мүмкүн, ал резолюцияда көрсөтүлөт.
24. Суроо-талапты аткаруу мөөнөтү ал мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына келген күндөн баштап эсептелет.
Маалымат жөнүндө суроо-талап анын жообу почталык байланыш бөлүмүнө, сураган адамдын өзүнө же анын курьерине берилген, же электрондук байланыш каналы аркылуу жөнөтүлгөнү жазылып калган күнү аткарылды деп эсептелет.
Суроо-талаптарды эсепке алуу жана каттоо журналына аткарылганы жөнүндө тийиштүү жазуу жазылат.
25. Эгер суроо-талап боюнча иштөө процессинде белгиленген мөөнөттү сактоого тоскоол болгон себептер аныкталса, суроо-талаптарды аткаруу мөөнөтү жетекчинин көрсөтмөсү боюнча гана узартылат, ал жөнүндө сураган жакка мөөнөттү узартуунун себебин көрсөтүү менен милдеттүү түрдө кабарланат.
Суроо-талапты аткаруу эки аптадан ашык эмес мөөнөткө узартылса болот.
Суроо-талаптын жообун ушул бөлүмдө белгиленген мөөнөттө бербөө же аткаруу мөөнөтүн узарткандык жөнүндө билдирүүнүн жоктугу суроо-талапка жооп берүүдөн баш тартуу катары каралат.
26. Мамлекеттик органда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында болушу милдеттүү эмес маалыматты берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү суроо-талаптар катталгандан кийин үч күндүн ичинде ошол суралган маалыматты берүү компетенциясына кирген тийиштүү мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына сураган жакка анын суроо-талабы башка дарекке жиберилгени жөнүндө милдеттүү түрдө кабарлоо менен жиберилет.
Мында билдирүүнүн текстинде Кыргыз Республикасынын мыйзамынын тийиштүү нормасына шилтеме жасалууга тийиш. Билдирүүнүн экинчи нускасы мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын иш кагаздарына тиркелет.
27. Суроо-талап кайрадан жиберилген мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ага Мыйзамда жана ушул Нускамада белгиленген мөөнөттө жооп берүүгө милдеттүү.
Суроо-талапка жооп берүү үчүн мөөнөттү эсептөө суроо-талап тийиштүү мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына келген күндөн башталат, ал маалыматты Мыйзамга ылайык берүүгө милдеттүү.
28. Эгер суралган маалыматты берүү бир нече мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенцияларына тиешелүү болсо, суроо-талаптын көчүрмөсү катталгандан кийин үч күндүн ичинде тийиштүү мамлекеттик органдарга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберилет, алар Мыйзамда жана ушул Нускамада белгиленген мөөнөттө тийиштүү маалыматты берүүгө милдеттүү.
29. Эгер суроо-талап боюнча берилген информацияда так эмес же толук эмес маалыматтар болсо, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары маалыматты сураган жактын жүйөлүү жазуу жүзүндөгү арызы боюнча, тийиштүү арыз алынган датадан баштап болушунча кыска, бирок жети иш күндөн кеч эмес мөөнөттө берилген маалыматты тактоого же толуктоого милдеттүү.
V. Маалымат жөнүндө суроо-талаптарды аткаруу тартиби
30. Суроо-талаптын жообу суроо-талап берилген формада канааттандырылат.
Мамлекеттик органда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында турган документ бирден ашык тилде болсо, документ маалыматты сураган жак каалаган тилде берилүүгө тийиш.
31. (КР Премьер-министринин 2020-жылдын 10-февралындагы № 58 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
32. Маалымат берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү суроо-талап алгандан кийин жооптун даярдалышы үчүн жооптуу адам (аткаруучу) маалыматтык коопсуздук боюнча эксперт менен макулдашуу боюнча керектүү документтерди жана материалдарды издейт, аларды копиялайт жана жооп берүү үчүн документтердин комплектисин түзөт.
Эгер суроо-талаптын предмети тактоону талап кылса, жооптун даярдалышы үчүн жооптуу адам өз демилгеси боюнча арыз ээсинен суроо-талаптын предметин байланыш телефону аркылуу тактоого укуктуу. Байланыш телефону жок болсо жооптун даярдалышы үчүн жооптуу адам суроо-талаптын предметин өз алдынча тактайт.
33. Маалымат берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү суроо-талапка жооп кызыкдар адамдын ошол эле маселе боюнча кайрадан кайрылышын болтурбай, бардыгын камтыган мүнөздө болууга тийиш.
Суроо-талаптын аткаруучусу мында маалымат алууга кызыкдар жакка керектүү документтерди жана материалдарды пайдалануунун тартиби жөнүндө консультация берүүгө милдеттүү эмес.
34. Суроо-талаптын жообунда төмөнкүлөр болууга тийиш:
- суроо-талаптын аткарылганы жөнүндө маалыматтар, суроо-талаптын предметинин кыскача баяндамасы менен;
- тапшырылчу документтердин тизмеси;
- суроо-талапты аткаруучунун фамилиясы жана кызматы;
- жоопко кол коюлган күн жана жооптун чыгыш номери;
- берилчү документтердин тексттери же алар жөнүндө маалымкаттар, же андай маалымкаттар же тексттин бөлүктөрү маалымат берүү жөнүндө суроо-талапты канааттандыруу үчүн толук маалыматты камтыса жана документтердин тексттеринин ордуна аларды берүү суроо-талаптын предметине ылайык алгылыктуу болсо, документтердин тексттеринин бөлүктөрү;
- сарпталуучу материалдардын жана маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын прейскуранты, ошондой эле маалыматты сураган адам жашаган калктуу конушта жайгашкан жана жарандардын укуктарын коргоону. аларды информациялык-маалыматтык жана китепканалык тейлөөнү, Мыйзамдын негизинде маалымат берүүнү ишке ашыруучу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аталыштарынын жана байланыштык маалыматтарынын тизмеси.
35. Суроо-талапка жооп катары мамлекеттик органда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында түзүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн берген учурда аларды тариздөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманын талаптарын эске алуу менен ишке ашырылат.
(КР Премьер-министринин 2020-жылдын 10-февралындагы № 58 буйругунун редакциясына ылайык)
36. Эгер суроо-талаптын мазмуну боюнча жооп мамлекеттик сырга жана мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык сырына тиешелүү жашырын информацияга киргизилген маалыматтарды, ошондой эле Мыйзамдын 5-статьясына ылайык мыйзам менен корголуучу сырларды ачыкка чыгарбастан берилиши мүмкүн эмес болсо, сураган жакка аталган маалыматтарды ачыкка чыгарууга болбостугуна байланыштуу суроо-талаптын жайы боюнча жооп берүү мүмкүн эместиги жөнүндө кабарланат.
37. Эгер суралган документтер жарыяланган болсо, суроо-талаптын аткаруучусу жоопто маалымат жарыяланган тийиштүү булакка шилтеме берүүгө укуктуу. Мында суроо-талаптын жообунда милдеттүү документтерден тышкары маалымат жарыяланган тийиштүү булактын реквизиттери да көрсөтүлөт.
38. Байланыш каналдары аркылуу берилген тексттик билдирүү түрүндө алынган суроо-талаптар эгер мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тийиштүү техникалык мүмкүнчүлүктөрү бар болсо документтерди тийиштүү формада жиберүү менен канааттандырылат.
Эгер суроо-талап электрон почта аркылуу электрондук цифралык колтамганы пайдалануу менен алынса, анда суроо-талаптын жообу маалыматты сураган адамдын электрон почтасынын дареги боюнча, жооптун даярдалышы үчүн жооптуу адамдын электрондук цифралык колтамгасы менен жөнөтүлөт. Суроо-талапка жоопто керектүү документтер бар файлдар тиркелиши мүмкүн же жоопто глобалдык тармактардагы документтердин жана материалдардын электрондук версияларына конкреттүү шилтемелер берилет. Эгер суралган документтер электрон вариантта жок болсо, анда маалымат Мыйзамдын жоболоруна ылайык башкача түрдө (башка формаларда) маалыматты жиберүүнүн башка ыкмалары менен берилет.
39. Эгер маалымат берүү жөнүндө суроо-талап факс аркылуу алынса, эгер суроо-талапты канааттандыруу үчүн керектүү документтердин көлөмү тоскоол болбосо анын жообу да факс боюнча берилиши мүмкүн. Андай болбосо, жоопто суроо-талап боюнча маалыматты берүүнүн Мыйзамдын жоболоруна жана Формага ылайык башкача формаларда жана башкача ыкмалар менен берүүнүн тартиби көрсөтүлөт.
40. Маалымат жөнүндө суроо-талаптарга жоопту мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары акысыз даярдашат.
Документтерди же материалдарды жана алардын бөлүктөрүн 5 барактан ашык көлөмдө көчүрмөлөөнү талап кылган маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптарга гана Көчүрмөлөө кызматтарынын наркынын бирдиктүү прейскурантына ылайык көчүрмөлөө кызматтары үчүн алардын өздүк наркынан ашпаган акы каралат.
41. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн көчүрмөлөө кызматтарынын наркынын бирдиктүү прейскурантын жана аларга акы төлөөнүн шарттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калктын социалдык корголбогон категорияларына киргизилген адамдарды маалыматты бергендик үчүн акы төлөөдөн бошотууга укуктуу.
VI. Маалыматты берүүдөн баш тартуунун тартиби жана негиздери
42. Суроо-талап боюнча маалымат берүүдөн ага негиз болгон учурда гана баш тартылышы мүмкүн.
Мыйзамдын 15-статьясына ылайык, маалымат берүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн, эгер:
- суралган Мыйзамдын 5-статьясына ылайык алуу чектелген маалыматтардын категориясына киргизилген болсо;
- суроо-талап Мыйзамдын 9-статьясында каралган талаптарды бузуу менен берилсе;
- адамдын бир эле предмет боюнча суроо-талабы борбордук органдын же анын ведомстволук подразделениесинин кароосунда турса, ошондой эле мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же алардын ведомстволук подразделениелери Мыйзамдын талаптарына ылайык тийиштүү документтерге ээ эмес болсо жана ээ болууга милдеттүү болбосо.
43. Мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ошол эле адамга кийинки суроо-талап келгенден 3 ай мурда берген маалыматка мазмуну боюнча орчундуу окшош болсо, маалыматты берүүдөн баш тартууга укуктуу.
44. Маалымат берүүдөн баш тартууда төмөнкүдөй маалыматтар болууга тийиш:
- Кыргыз Республикасынын маалымат берүүдөн баш тартууга негиз болуучу мыйзамдарына конкреттүү шилтемелер көрсөтүлгөн жүйөөсү;
- маалымат берүүдөн баш тартылгандык үчүн даттануу жолдору жана тартиби.
VII. Маалымат жөнүндө суроо-талаптарды аткаруу боюнча милдеттерди аткарбагандык үчүн жоопкерчилик
45. Маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптарды аткарууга карасанатай мамиле кылган, ошондой эле маалымат берүү боюнча тапшырылган милдетин тийиштүү түрдө жана өз убагында аткарбагандык фактылар аныкталса, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ал үчүн күнөөлүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш-жазыктык, администрациялык, жарандык, тартиптик же материалдык жоопкерчиликке тартылышат.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин2008-жылдын 22-апрелиндегиN 210 буйругу менен бекитилген НускамагаN 1 тиркеме
Оозеки суроо-талаптардыКАТТОО ЖУРНАЛЫ
(КР Премьер-министринин 2020-жылдын 10-февралындагы № 58 буйругуна ылайыккүчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин2008-жылдын 22-апрелиндегиN 210 буйругу менен бекитилген НускамагаN 2 тиркеме
Жазуу жүзүндөгү суроо-талаптардыКАТТОО ЖУРНАЛЫ
Башталды _________Бүттү ________________________ барак Сакталат _________
Суроо-талаптын кириш N
Суроо-талапты каттаган күн
Сураган адамдын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы (почта дареги)
Суроо-талаптын предмети
Суроо-талап аткаруу үчүн кимге жана качан берилди (аткаруучунун аты-жөнү, кызматы, алгандык жөнүндө колу)
Суроо-талапты аткаруунун натыйжасы (баш тартуунун жүйөсү, суроо-талап жиберилген маморгандын аталышы)
Арыз ээсине жооптун чыгыш N жана жиберилген күнү (аткаруу мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалымат жана ал жөнүндө арыз ээсине билдирүү